Күйүккөн, жылмайган спикер Жумабеков жана жан сакчылар. Жарым марафон сүрөттө

Sputnik

Уюштуруучулар 1, 5, 14 жана 21,1 чакырымга чуркоо уюштурууну пландашкан. Таңдан тарта негизги көчөлөр тосулуп, автокыймылга чектөө коюлду.

Жарым марафондо жашынан тарта карысына чейин, кичинесинен тарта чоңуна чейин чуркады.

Миңдеген адамдар чуркап. Ак илбирсти сактоого арналган чуркоо видеодо
Анын ичинен бир чакырымдык аралык тилектештик жарышы деп аталып, бардык катышуучулар ак илбирсти коргоо чакырыгынын алкагында жарышты. Ал эми даярдыгы мыкты жөө күлүктөр узун аралыктарда күч сынашты.

Чуркагандардын арасында профессионал спортчулардан сырткары жөнөкөй жарандар, журналисттер, депутаттар, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков жана Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов болду. Алар беш чакырымга чуркады.

Финишке келген ар бир катышуучуга эстеликке медалдар берилди.

Катышууга төлөнгөн каражат илбирсти жана экосистеманы коргоо боюнча глобалдык программага (GSLEP) которулуп, мындан тышкары, фотокапкандар сатып алынмакчы.

Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу иш-чаранын медиа өнөктөшү.

1 / 18
"Ак илбирсти сактайбыз" эл аралык жарым марафонунун бийиктиктен тартылган сүрөтү
2 / 18
Катышуучулар мүмкүнчүлүгүнө жараша 1, 5, 14 жана 21,1 чакырымга чуркашты
3 / 18
Кыргызстандыктар мындай иш-чарага активдүү катышат
4 / 18
Чуркоо — эркти, чыдамкайлыкты талап кылган спорттун түрү
5 / 18
Чуркагандардын арасында Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков да болду. Жан сакчылары менен кошо беш чакырымга чуркады.
6 / 18
Мындай назик кыздарды марафондон эмес, көчөдөн көрсөң узак аралыкка чуркарына ишене бербейсиң
7 / 18
"Илбирс" кыз — Мээрим көптөрдүн көңүлүн бурду
8 / 18
"Түлкү" менен марафончу
9 / 18
Дастан азамат! Темирдей эрк деп ушундай көрүнүштү айтыш керек
10 / 18
Бир дагы секунданы жаза кетирбеген калыстар
11 / 18
Милиция кызматкерлери береги марафончудай чуркай алар бекен?
12 / 18
Күйүккөн, жылмайган, чымырканган күлүктөр
13 / 18
Өх-хх... жеттим! Марага келген жигит
14 / 18
Жеңиштин же марафондун "даамын" таткан катышуучу
15 / 18
Сергек жашоо образын, марафонду, багынткан чакырымдарын талкуулап жаткан катышуучулар. Алардын арасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кызматкери Эркин Садыков да болду.
16 / 18
Эстелик медалды тагынып жаткан марафончу
17 / 18
Марага келген жөө күлүк
18 / 18
Коштоп, көптөрдүн көңүлүн буруп, жылмаюусу менен дем берип турган кыздар