Эстонияда пластик идиш-аяктарды колдонууга тыюу салынат

Пластик идиштин ордуна жыгач, кант камышы, пальма жалбырагы, бамбук жана картондон жасалган ашкана буюмдары колдонула баштайт.
Sputnik

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Жакында Эстониянын тургундары бир эле жолу колдонулчу пластик идиштерди пайдалана албай калат. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Адам эти планетаны сактайбы? Швед окумуштуусунун акылга сыйгыс чакырыгы
Маалыматка ылайык, Таллин шаарынын мэриясы 1-октябрдан тарта коомдук тамактануучу жайлардын ээлерине пластик идиш-аяктарды колдонууга тыюу салды. Анын ордуна жыгач, кант камышы, пальма жалбырагы, бамбук жана картондон жасалган ашкана буюмдары пайдаланылат.

Мындай тыюунун тез чирип жок боло турган EVS-EN 13432 сертификатына туура келген буюмдарга тиешеси жок.