БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кыргызстанда 16-сентябрда түнкүсүн айрым өрөөндөрдө мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Анткен менен республиканын кээ бир райондорунда жаан-чачындын катуу болору да айтылды.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын кээ бир аймактарына жамгыр, тоолуу райондоруна кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +19... +24, Талас аймагында +17... +22, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +21... +26, Нарын жергесинде +14 ... +19, Ысык-Көлдө +13 ... +18 градус жылуу болот.
Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болот. Борбор калаада термометр +22... +24 градусту, Ошто +24 ... +26 градусту көрсөтөрү айтылды.