Ачык асман алдындагы көңүл көтөргөн концерт. Бишкектеги фестивалдан сүрөттөр

Sputnik

Сахнага Москва мамлекеттик симфониялык оркестринин артисттери дирижёр Иван Рудин жана Алексей Чуйковдун жетектөөсүндө чыгышты. Бишкектиктер дүркүрөгөн кол чабуулар менен солисттер Полина Шамеева менен Владимир Кудашевди тосуп алышты. Ошондой эле концертте Петр Востоковдун жаз оркестри дагы элдин маанайын көтөрдү.

1 / 10
Иш-чара 12-14-сентябрь Бишкектеги Москва күндөрүнүн алкагында өттү.
2 / 10
Маданий иш-чаранын ачылышында вице-премьер Алтынай Өмүрбекова, социалдык суроолор боюнча вице-мэр Татьяна Кузнецова жана "Прима" коомдук фондусунун президенти Виктория Юртаева сөз сүйлөдү
3 / 10
Сахнага Москва мамлекеттик симфониялык оркестринин артисттери дирижёр Иван Рудин жана Алексей Чуйковдун жетектөөсүндө чыгышты
4 / 10
Концерт ар кандай курактагы адамдарды чогултту
5 / 10
Фестиваль ачык асман алдында өтүп келет. Быйылкы иш-чара Бишкектеги эски аянтта өттү
6 / 10
Концертке келгендер артисттерди дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштоп жатышты
7 / 10
Көрүүчүлөр Полина Шамаеванын (меццо-сопрано) да өзгөчө талантына күбө болушту
8 / 10
Ошондой эле Россиянын эмгек сиңирген артисти Владимир Кудашевдин (бас) өнөрү да кайдыгер калтырган жок
9 / 10
Классикалык музыканын Tengri Music эл аралык фестивалы бешинчи ирет өттү
10 / 10
Концерт көпчүлүктүн купулуна толуп толкундантты