Укмуш! Борбордогу классика менен жаздын коштоосундагы концерттин видеосу

14-сентябрда Бишкекте ири маданий иш-чара болду. Эл аралык Tengri Music фестивалында Москванын белгилүү артисттери талантын көрсөттү.
Sputnik

Сахнага Москва мамлекеттик симфониялык оркестринин артисттери дирижёр Иван Рудиндин жетектөөсүндө чыгышты. Ушул жылы ансамблге 30 жыл толот. Топ музыканттардын жаш муунуна басым жасап келет. Оркестр Италия, Испания, Германия, Болгария, Түркия, Кытай жана Кореяда өнөрүн тартуулаган.

Ачык асман алдындагы көңүл көтөргөн концерт. Бишкектеги фестивалдан сүрөттөр
Бишкектиктер дүркүрөгөн кол чабуулар менен солисттер Полина Шамеева менен Владимир Кудашевди тосуп алышты. Концерттин экинчи бөлүгүндө оркестрлер композитор Петр Чайковскийдин чыгармаларын аткарды. Соңунда Петр Востоковдун жаз оркестри элдин маанайын көтөрдү.

Tengri Music фестивалы бешинчи ирет өттү. Салт боюнча артисттер ачык асман алдында концерт коюшат.

Иш-чара 12-14-сентябрь Бишкектеги Москва күндөрүнүн алкагында өттү.