Бишкекте футбол боюнча төрт өлкөнүн командалары ат салышат

Кыргызстандык команда чучу кулак кармап, "F" тайпасына кирди. Тандоо туруна жалпы 47 команда катышууда.
Sputnik

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Борбор калаада төрт өлкөдөн чогулган 16 жашка чейинки футболчулар күч сынашат. Бул тууралуу КРдин Футбол федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-сентябрдан 22-сентябрга чейин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2020-жылы боло турган Азия чемпионатынын тандоо туру өтөт.

Айылда эле машыгып дүйнөнү багынткан Калмира: Нарында балдар менен гана күрөшөм
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы чучу кулак кармап, "F" тайпасына кирген. Алар Бириккен Араб Эмираттары, Ирак жана Ливандын командалары менен оюн талаасында кездешмей болду.

Биринчиликтин финалдык беттешине 16 команда гана чыгат. Анын 11и өз тайпасында биринчи орунду алгандар болсо, калган бешөө экинчи орунга татыган күчтүү командалар. Тандоо туруна жалпы 47 команда катышууда.