Алматыда поезд темир жолдо турган автобусту кагып кетти. Видео

Кырсык тууралуу өлкө президенти да жазып, каза болгон адамдын үй-бүлөсү менен жакындарына көңүл айткан. Акыркы маалымат боюнча ишти Транспорт прокуратурасы өз көзөмөлүнө алды.
Sputnik

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Бүгүн, 15-сентябрь күнү кечинде, Алматы облусунун Шамалган станциясында темир жолдо турган автобусту поезд кагып кеткенин Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, 67 жүргүнчүсү менен бараткан автобус поезд келе жаткан маалда рельсте турган. Машинисттин берген белгисине карабастан ордунан жылган эмес.

Акыркы маалымат боюнча, кырсыктан автобустун айдоочусу каза таап, төрт кишинин ар кандай жаракат алганы айтылды.

Каргаша тууралуу өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев да социалдык тармактагы баракчасына жазып, көз жумган адамдын жакындарына көңүл айткан.

Окуя боюнча иликтөө иштери башталганы белгилүү болду.

Ал эми “Казакстан темир жолы” ишканасы машинист автобусту көрөрү менен сигнал берип, поездди токтотууга аракет кылганын белгиледи. Бирок аралык өтө жакын болгондуктан маалында токтотуп калууга мүмкүн болгон эмес.

Sputnik Казакстан агенттиги ишти Транспорт прокуратурасы өз көзөмөлүнө алганын кабарлады.