Жайлоодо калган жүздөгөн мал кырылып, 40 чабан куткарылды. Cүрөт, видео

Аба ырайы кескин бузулуп, калың кар жаагандыктан Жалал-Абад, Талас, Нарын жана Чүй облустарындагы жайлоолордо чабандар мал-жандыгы менен калып калган.
Sputnik

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сентябрдын башында жааган калың кардан улам мал-жандыктары менен жайлоодон түшө албай калган чабандар тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, өлкө боюнча 40 чабан 299 жылкы, 1183 бодо мал жана 25 716 кой-эчкилери менен коопсуз жайга түшүрүлгөн. Алардын ичинен 7 жылкы, 1 уй жана 265 кой-эчки айдап келе жаткан жолдо өлгөн.

Белгилей кетсек, 9-10-сентябрь күндөрү аба ырайы кескин бузулуп, тоолуу аймактарда калың кар жаагандыктан Жалал-Абад, Талас, Нарын жана Чүй облустарындагы жайлоолордо чабандар мал-жандыгы менен калып калган.

ӨКМ: карда калган чабандар 4800 кою, 400 бодо малы менен кыштоого түшүрүлдү
Буга байланыштуу ӨКМдин облустук, райондук бөлүмдөрүнүн ыкчам топтору түзүлүп, атайын автоунаалар жана тиешелүү жарандык коргонуу кызматтары тартылып, чабандарды куткарууга чыгып кеткен.

Мунун натыйжасында Чүй облусунун Чүй жана Жайыл районунун жайлоолорунан 11 чабан 150 жылкысы, 400 бодо малы жана 4800 кой-эчкиси менен түшүрүлгөн. Анын ичинен 200 баш кой жана 4 жылкы өлгөн.

Нарын облусунун жайлоолорунан 4 чабан 2100 кою, 13 бодо мал жана 60 жылкысы менен кыштоого алып келинген. Анын ичинен 3 жылкы, 1 баш уй өлгөн.

Жалал-Абад облусунун Токтогул, Тогуз-Торо, Сузак жана Аксы районунун жайлоолорунан 18 чабан 16 616 кой-эчки, 500 бодо мал жана 55 жылкы кооптуу аймактан түшүрүлгөн. Анын ичинен 65 кой өлгөн.

Талас облусунун Талас районунун жайлоолорунан 7 чабан болжол менен 2200 кой, 270 бодо мал жана 34 жылкысы менен түшүрүлгөн.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.