Жайлоодон келе жатып жоголгон 9 чабан табылды

Кар жааган күнү малын жайлоодон айдап чыгып кеткен чабандар беш күндөн бери дайынсыз болуп жатканы кабарланган.
Sputnik

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Калың жааган кардан улам Шамшы жайлоосунда калган 9 чабан аман-эсен мал-жаны менен кошо табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Белгилей кетсек, чабандардын жоголгону туурасында ӨКМге 13-сентябрда маалымат түшкөн. Ыкчам топ жана Жайыт комитетинен бир адам Кегети капчыгайы аркылуу чыгып кеткен.

"Бүгүн кечинде изделип жаткан чабандар болжол менен 850 кой-эчки жана 200 жылкысы менен коопсуз жайга түшүрүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Жайлоодо калган жүздөгөн мал кырылып, 40 чабан куткарылды. Cүрөт, видео
9-10-сентябрь күндөрү аба ырайы кескин бузулуп, тоолуу аймактарда калың кар жаагандыктан Жалал-Абад, Талас, Нарын жана Чүй облустарындагы жайлоолордо чабандар мал-жандыгы менен калып калган.
Соңку маалымат боюнча куткаруучулардын жардамы менен өлкө боюнча 40 чабан 299 жылкы, 1183 бодо мал жана 25 716 кой-эчкилери менен коопсуз жайга түшүрүлгөн. Алардын ичинен 7 жылкы, 1 уй жана 265 кой-эчки айдап келе жаткан жолдо өлгөн.