Беш күндөн бери дайынсыз! Суусамыр жайлоосунда калган 9 чабан изделүүдө

Жайлоодогу чабандар 9-сентябрда кар жаагандан кийин кой, уй, жылкыларын айдап жолго чыгышкан. Арасында өспүрүмдөр да бар.
Sputnik

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Калың жааган кардан улам Ысык-Ата районунун Суусамыр жайлоосунда калып кеткен тогуз чабан беш күндөн бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга чабандардын тууганы Таалайгүл Колдошева билдирди.

Анын айтымында, изделип жаткандардын баары эркек кишилер, арасында өспүрүм курактагы балдар дагы бар.

"Инилерим элдин 500-600гө жакын коюн алып кетишкен, андан тышкары бодо мал, жылкыларды багышат. Кар жааган күнү малын айдап кыштоону көздөй жөнөшкөнүн айтышкан. Жолго эки күндүк азык алып чыгышкан экен. Бүгүн бешинчи күн, байланыш үзүлүп дайынсыз болууда. Негизи эки күндө айдап келишмек. Аларды издеп Кочкор тараптан да, Төө-Ашуу жактан да кетишкен. Бүгүн эртең менен бирөө үй-бүлөсүнө чалып Каракол ашуусунда экенин айтыптыр. Ал жалгыз жүргөнбү же баары чогуубу белгисиз", — деди Колдошева.

Транспорт министрлиги айдоочуларга кайрылды
Ал ошондой эле жайлоонун өзүндө 20дай малы менен дагы бир чабан калганын айтып, андан башка да адамдар болушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жоголгон чабандар тууралуу 13-сентябрда маалымат түшкөнүн билдирди. Аларды издөөгө ошол эле күнү саат 20.00дө Кегети капчыгайы аркылуу Ысык-Ата райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу жана Жайыт комитетинен 1 адам чыгып кеткен.

Бүгүн Кегети капчыгайында жылынуучу жай уюштуруу максатында 10 орундуу чатыр тигилип, Ысык-Ата айыл аймагы тарабынан ысык тамак уюштурулат.