Түркиялык Pegasus компаниясы Air Manas ишканасындагы үлүшүн сатууда

Түркиялык авиакомпания 2012-жылы Air Manas ишканасынын 49 пайыздык үлүшүн сатып алган. Калган 51 пайызы Кыргызстандын жеке тараптарына таандык.
Sputnik

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Түркиялык Pegasus авиакомпаниясы кыргызстандык Air Manas ишканасындагы үлүшүн сатууга белсенүүдө. Бул тууралуу Haberler басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Pegasus 49 пайыздык үлүшүн Улуу Британиянын AviaTrade Corp. LP компаниясына сатууга камынып жатат.

Ал эми Air Manas ЖЧКнын башкы директору Талгат Нурбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине үлүштү сатуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын тастыктады.

"Бүгүнкү күндө сүйлөшүүлөр болуп жатат. Келишим тууралуу толук айтып бере албайм, себеби макулдашуу соңуна чыга элек", — деди Нурбаев.

Анын айтымында, келишим Кыргызстандын мыйзам нормаларына ылайык жүрүүдө.

Pegasus — Европа, Түркия жана Жакынкы Чыгышка авиакаттамдарды жүргүзгөн ири компания. Анын курамына "Сабанжы" холдинги кирет.

2012-жылы Pegasus Air Manas компаниясынын 49 пайыздык үлүшүн Кыргызстандын Жарандык авиация агенттигинен сатып алган.