БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Ош шаарында жүргүнчү ташыган коомдук транспорт менен жеңил унаа кагышты. Бул тууралуу күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 14-сентябрь күнү эртең менен саат 08.30дар чамасында Курманжан датка жана Мухаммед Али Жинна көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде болгон. Окуяга күбө болгон жергиликтүү тургундун айтымында, 7-8 жүргүнчү жаракат алып ооруканага жеткирилди.
"Honda Fit бурулуп жатканда Mercedes-Benz Sprinter капталына сүзгөн. Эки унаанын тең жүргүнчүлөрү жеңил жаракат алып, тез жардам кызматы 7-8 адамды ооруканага алып кетти", — деди күбө.
Окуя болгон жерде Ош шаардык жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери иштеп жатат. Учурда тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.