Нарында жол боюндагы бактардын өсүшүнө шарт түзүү үчүн тосмо орнотулду. Сүрөт

Бул иш үчүн Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинен 641 миң сом бөлүнүп, 603 миң сомго 607 метр жерге тосмо орнотулду.
Sputnik

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Жол боюна отургузулган бак-дарактардын, балатылардын өсүшүнө шарт түзүү максатында Нарын шаарындагы Исхак Раззаков жана "64" аймактарындагы жол жээктерине бирдей типтеги темир тосмолор коюлду. Бул тууралуу Нарын шаарынын мэриясы кабарлады.

Бул иш үчүн Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинен 641 миң сом бөлүнүп, 603 миң сомго 607 метр жер тосулду.

Буга чейин бак-дарактарды малдан коргоо көйгөйү жаралып келген.