Радио

Тогузбаева: шарп, кутурма, күйдүргү — адам өмүрү үчүн да кооптуу

Айыл чарба тармагындагы эксперт Дария Тогузбаева мал үчүн коркунучтуу илдеттер жана аларды алдын алуу жолдору тууралуу айтып берди.
Sputnik
Тогузбаева: шарп, кутурма, күйдүргү — адам өмүрү үчүн да кооптуу

Шарп, кутурма, күйдүргү жана бруцеллёз — мал үчүн эң коркунучтуу оору. Бул тууралуу Дария Тогузбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, малдын жогоруда аталган илдеттери адам өмүрү үчүн да чоң коркунуч жаратат.

"Шарп үй жаныбарларына жана ача туяктууларга чоң коркунуч жараткан жугуштуу инфекция. Аны болтурбоонун эң натыйжалуу жолу алдын алуу иштерине олуттуу мамиле жасоо. Күйдүргү же Сибирь жарасы — жер кыртышында узак жылдар бою сакталып, адамдарга жана жаныбарларга коркунуч алып келген бактериялык жугуштуу дарт. Күйдүргүгө кабылган малдын этин 10-15 мүнөт кайнатса да кетпейт. Ага чалдыккан жаныбардын денесин калтырак басып, кулайт. Күйдүргүнү жуктуруп албаш үчүн өздүк гигиенаны сактоо зарыл. Кутурма — борбордук нерв системасына зыян келтирип, дүүлүгүү белгилери менен коштолуп, акырында параличке алып келген вирустук дарт. Аны болтурбоо үчүн жыл сайын үй жаныбарларын, биринчи кезекте иттерди, мышыктарды вакцинациядан өткөрүп туруу керек", — деди Тогузбаева.

Адистин айтымында, оорунун белгилери кан аркылуу гана аныкталат жана бул дартка кабылган малды жок кылуу зарыл.