Баткендеги кыргыз-тажик чегинде кырдаал туруктуу. Чуунун чоо-жайы

Буга чейин жергиликтүүлөр Максат айылындагы такталбаган жерге тажик тарап аскерий багыттагы курулуш ишин баштаганын кабарлаган.
Sputnik

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Баткендеги кыргыз-тажик чек арасы жайгашкан аймакта кырдаал туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Буга чейин жергиликтүүлөр Максат айылындагы такталбаган жерге тажик тарап аскерий багыттагы курулуш ишин баштаганын кабарлаган. Ал эми Ак-Сай айыл аймагында жолду тосууга камынып жатканын айтышкан.

Буга байланыштуу Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, Башкы штабдын начальниги Абдикарим Алимбаев эртең Баткенге бармай болду.

"Бүгүн, 14-сентябрда, саат 10.30да Лейлек районунун Максат айылындагы такталбаган чек ара аймагына Тажикстандын жарандары курулуш ишин баштаган. Эки өлкөнүн чек арачылары жолугушуп, Кыргызстан ишти токтотуу талабын койду. Сүйлөшүүлөр эртең да уланат", — деп айтылат маалыматта.

Кыргыз-тажик чек арасында кайтадан чыр чыкты. Көйгөйдүн түйүнү эмнеде
Ал эми Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) айылында түштөн кийин такталбаган жердеги жолдун чекесине тажикстандыктар 10 машина шагыл төгүп койгону ырасталды.

Мындан улам эки тараптан тең эл чогулуп кечинде кайра тараган.

"Жаңжалдын чыгуусуна жол бербөө үчүн чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.
Жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Азыркы тапта абал туруктуу", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан эртең, 15-сентябрда, Тажикстандын бийлик өкүлдөрү менен маселени чечүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.