Окумуштуулар кайсы мамлекеттин акчасы эң кир экенин аныктады

Окумуштуулардын тобу мындай ачылыш жасаганы үчүн экономика багытында берилчү Шнобель (Ig Nobel Prize) сыйлыгына татыган.
Sputnik

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Түркиянын, Нидерланддардын жана Германиянын окумуштуулары кайсы мамлекеттин акчалары бактерияга туруксуз келерин аныкташты. Бул тууралуу HuffPost басылмасы жазды.

Мээси укмуш экен! Кассир кардарлардын картасындагы сандарды жаттап акча уурдаган
Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, эң кир акча деп Румыниянын лейи табылды. Ошондой эле Американын, Канаданын доллары менен Индиянын рупийи да түрдүү бактерияга туруксуз келери белгилүү болгон.

Румыниянын акчасы көпкө чыдасын деп полимер колдонулгандыктан бактериялар көп жармашат.

Окумуштуулардын тобу мындай ачылыш кылганы үчүн экономика багытында берилчү Шнобель (Ig Nobel Prize) сыйлыгына татып, ал 12-сентябрда Гарвард университетине тапшырылган.