Бишкекте жүрөк үшүткөн кырсык болуп, бир аял мүрт кетти. Видео

Бүгүн таңда эки автоунаа жолдордун кесилишкен жеринен кагышып, Lexus үлгүсүндөгү машина оодарылып кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Борбор калаанын Жибек Жолу проспектиси менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде эки автоунаа кагышып, бир аял каза болду. Бул тууралуу Бишкектин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Окуя бүгүн, 14-сентябрда, саат 06.00дөр чамасында болгон. Кырсык болгон жерден тартылган видеону активист болот Ибрагимов Instagram баракчасына жарыялады.

Кадрдан бир автоунаа аласалып кеткенин көрүүгө болот.

Өкмөттүк жолдо каза болгон төрт жигиттин жанындагы кыз да көз жумду
ЖКККБдан билдиришкендей, Lexus үлгүсүндөгү унаа Жибек Жолу проспектиси менен күн чыгышты көздөй баратып, Орозбеков көчөсүндө түндүк тарапты көздөй бараткан Toyota Wish менен кагышкан.

Toyota унаасында отурган жүргүнчү мерт болуп, Lexus машинасынын айдоочусу ооруканага жеткирилген.

Автоунаалар айып короого киргизилип, топтолгон материалдар Бишкек ШИИБдин тергөө кызматына өткөрүп берилди.