Баткенде тажик тарап чек арада курулуш баштады деп коңгуроо кагышууда. Видео

Жергиликтүүлөр эгер жол тосулуп калса Лейлек районунун үч айыл өкмөтү менен каттам үзүлөрүн айтууда.
Sputnik

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы такталбаган жерде тажик тарап жолду тосууга аракет кылууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга Катыраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 14-сентябрда, эртең менен Тажикстандын техникалары келип жолдун четине шагыл төгө баштаган.

"Алар бетон куюп жолду тосууга аракет кылып жатышат. Бул такталбаган жер, бир тараптуу жолду жапканы туура эмес. Ал жакка кыргыз тараптан 100дөн ашуун адам чогулуп бардык. Тынчтык жолу менен сүйлөшөлү деп турабыз. Бийлик өкүлдөрү келип маселени чечип беришин талап кылабыз", — деди Бөрүбаев.

Ошондой эле ал эгер жол тосулуп калса Лейлектин үч айыл өкмөтү менен каттам үзүлөрүн белгиледи.

Кыргыз-тажик чек арасында кайтадан чыр чыкты. Көйгөйдүн түйүнү эмнеде
Ошол эле маалда Тажикстан Максат айылына да
аскердик багыттагы курулуш ишин баштаганын Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов билдирди.

"Чек арадагы жерге курулуш жүргүзүү мыйзамсыз. Биздин каршылыгыбызды тоготпой, тажик тарап курулуш иштерин токтоткон жок. Элге түшүндүрүп, тынчтандырып жатабыз. Тажикстан тараптын акимин сүйлөшүүгө чакырганбыз, келе элек", — деди Бекмуратов.

Ал эми Чек ара кызматы бул боюнча толук маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалады.