Өкмөттүк жолдо каза болгон төрт жигиттин жанындагы кыз да көз жумду

Кырсыктан кийин 17 жаштагы кыз оор абалда Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Өкмөттүк трассадагы жол кырсыгынан жаракат алган кыз көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өкмөттүк жолдо каза болгон төрт жигит. Автоунаа кортеждин катарында бараткан
Маалыматта кыз да 17 жашта экени, өзүнө келбей жатып бүгүн үзүлгөнү айтылат. Ал кырсыктан кийин оор абалда Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Эскерте кетсек, 9-сентябрь күнү 15:00дөр чамасында Чыңгыз Айтматов проспектисинде Skoda Octavia менен №8 автобус кагышып, жеңил унаадагы төрт бала кырсык болгон жерден каза тапкан. Алардын баары 17 жашта болуп чыкты.

Кийиинчерээк милиция жеңил автоунаа үйлөнүү тойдун кортежинин катарында баратып, каршы тилкеге чыга коюп автобус менен кагышканын билдирди.