"Уктап калышың мүмкүн". Путин узатууга келген Хабибге эскертүү берди. Видео

Спортчу бейшемби күнү Дагестанга келген мамлекет башчыны узатуу үчүн аба майданга келген.
Sputnik

БИШКЕК, 13-cен. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Махачкаланын аэропортунда UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов жана атасы Абдулманап Нурмагомедов менен жолукту. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Спортчу бейшемби күнү Дагестанга келген мамлекет башчыны узатуу үчүн аба майданга келген.

Путин мушкер менен төш кыса кучакташып, өтө жакшы маанайда учурашкан. Спортчуларды Дагестандын башчысы Владимир Васильев коштоп келген. Россия президенти алгач Абдулманап Нурмагомедовго кайрылып, уулунун жеңиши менен куттуктап, ал татыктуу беттеш өткөргөнүн жана күчтүү мушкер экенин белгиледи.

Ал эми Хабибге ийгилик каалап, Абу-Дабидеги беттешин көргөнүн айтты.

"Аябай жакшы беттеш болду, таза, так өттү. Куттуктайм! Мен көрүп отурдум. Муунтуу ыкмасына салганың өзгөчө болду. Классикалык муунтуу, атаандашыңдын тамагын кыскан жоксуң. Эки тарабынан тең көрдүм, эрежедегидей муунттуң. Баары таза болду", — деген пикирин айтты Путин.

Фергюсон эмес. Хабибдин менеджери спортчунун кийинки атаандашын атады
Андан тышкары, Россия лидери Хабиб бир убакта мойнун ачып берип койгонуна токтолуп, "бул аябай коркунучтуу, байкабай турган жериңден эле "уктап" калышың ыктымал" деп эскертти. Анда мушкер "Ооба, ойгонсоң, мушташ бүтүп калган болот" деп жылмаюу менен жооп берди.

Эскерте кетсек, 8-сентябрга караган түнү Хабиб Нурмагомедов Абу-Даби шаарында америкалык мушкер Дастин Порьени жеңип, чемпиондук наамын сактап калган. https://sputnik.kg/sport/20190908/1045643251/ufc-habib-nurmagomedov-dastin-poreni-uttu.html Россиялык спортчу үчүнчү раундда атаандашына муунтуу ыкмасын колдонгон.