БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. 15-16-сентябрь күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
17-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2 градус суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.