Кыргыз билим берүү академиясы деген бар. Келерки жылы түзүлгөнүнө 70 жыл толот. Мына ушул мекеменин статусун көтөрүп, мугалимдер менен иш алып барган негизги жайга айландыруу зарыл. Мындай пикирин Дамира Жумабаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган академиянын штаттык бирдигин көбөйүп, транспорт бөлүп берип, ар бир айылга барып мугалимдер менен иштешсе, мектептердеги билим берүүнүн сапаты жогоруламак.
"Орто мектептерде билим сапатын көтөрүү үчүн мугалимдер менен иштешкен методисттерди кайрадан киргизиш керек. Алар Кыргыз билим берүү академиясы аркылуу ар бир мугалим менен тыгыз иш алып барса, кыска убакытта жемишин көрө алмакпыз. Мугалим деген ал педагог, балдар менен тыгыз иштеши керек. Анын отчёт жазып, кагаз толтуруп, аткаминерлик кылганга убактысы жок. Мугалимдин максаты балдарга билим берүү болгондон кийин, ошол окутууну кандайча өзгөчө кызыктуу кылып өтөт, балдарга эмне жагат, бул боюнча методисттер менен биргеликте иштесе натыйжалуу болмок", — деди Жумабаева.
Педагог ошондой эле окуучулардын билим деңгээлинен тарта ден соолугу, социалдык жашоо шарты тууралуу маалыматты камтыган карточка айыл өкмөттөрдө болсо деген пикирин кошумчалады.