Транспорт министрлиги айдоочуларга кайрылды

Министрлик бир нече күн мурда Төө-Ашууга кар жааганын айтып, Бишкек — Ош трассасындагы кыймылды кыйындатканын эскертет.
Sputnik

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Транспорт жана жолдор министрлиги алыс жолго чыгып, ашуу ашкан айдоочуларга дөңгөлөктөрдү алмаштырууну эскертет.

Жумгал, Токтогул, Аксынын жайлоолоруна кар жаады. Малчылар жардам суроодо
Буга чейин ӨКМ 15-16-сентябрда тоолуу аймактарда кар түшөрүн маалымдаган болчу.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы 9-сентябрда Төө-Ашууда абанын температурасы -6 градуска, Таластын Өтмөк ашуусунда -15 градуска төмөндөгөнүн кабарлады. Аба ырайы бузулуп, ашууда бороон-чапкын болуп, 20-25 сантиметрге жеткен кар жааган.

Министрлик 15-16-сентябрда алыска жолго чыгып, ашуу аша турчу айдоочуларды дөңгөлөктөрдү алмаштырууну сунуштайт.

Ал эми жүк ташыган автоунааларга кыш мезгилине ылайыкталган май куюу керектигин эскертет.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.