Турнир борбордогу Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектепте болду. Спорттук иш-чаранын ачылышына Бишкек мэриясынын жана эки өлкөнүн Самбо федерацияларынын өкүлдөрү катышып, мелдештин максаты достукту чыңдоо экендигин белгилешти.
Эки өлкөнүн жолдоштук беттешинде Россиянын командасы жеңүүчү деп табылды. Спортчулар медаль жана дипломдор менен сыйланды.