Самбочу башы менен жерге сайылганда... Бишкектеги жолдоштук турнирдин сүрөттөрү

Sputnik

Москванын өкмөт башчысы ал жактагы кыргызстандыктар тууралуу айтып берди
Турнир борбор калаадагы Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектебинде өттү.

Спорттук иш-чаранын ачылышына Бишкек мэриясынын жана эки өлкөнүн Самбо федерацияларынын өкүлдөрү катышып, мелдештин максаты достукту чыңдоо экендигин белгилешти.

Эки өлкөнүн жолдоштук беттешинде Россиянын командасы жеңүүчү деп табылды. Спортчулар медаль жана дипломдор менен сыйланды.

1 / 15
Борбор калаада Москва күндөрүнүн алкагында самбо боюнча жолдоштук турнир өттү
2 / 15
Россиядан келген тогуз самбочу кызыл түстөгү кимоно менен чыгышты
3 / 15
Ал эми Кыргызстандан дагы тогуз спортчу катышып, самбочулар көк түстөгү кийим кийишти
4 / 15
Спорттук иш-чаранын ачылышына Бишкек мэриясынын жана эки өлкөнүн Самбо федерацияларынын өкүлдөрү катышты.
5 / 15
Уюштуруучулар турнирдин максаты достукту чыңдоо экендигин белгилешти
6 / 15
Спортчулар беттешке чейин дене-башын жибитип, даярдык көрүшүүдө
7 / 15
Самбо — орус тилиндеги "самозащита, самооборона, без оружия" сөздөрүнөн кыскартылып алынган
8 / 15
Самбо өзүн өзү коргоо же оксуз кармашуу дегенди түшүндүрөт. 1938-жылы СССРдин Спорт комитети тарабынан киргизилген.
9 / 15
Бул спортто күрөштүн ыкмалары басымдуулук кылат
10 / 15
Сырттан караган кишиге өзгөчө көрүнөт. Ыкма жасап жатып башы менен жерге сайылган спортчу.
11 / 15
Мелдеш 16 жашка чейинки спортчулар арасында болду
12 / 15
Спортчулардын көздөгөнү жеңиш, эч кимдин утулгусу келбейт!
13 / 15
Турнир Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектепте өттү
14 / 15
Жолдоштук беттеште Россиянын командасы жеңүүчү деп табылды
15 / 15
Спортчулар медаль жана дипломдор менен сыйланды