Кыргызстандык модель Нью-Йорктогу мода жумалыгына катышты. Сүрөт

Кыргызстанда төрөлүп, өскөн Салидат учурда АКШда жашайт. Моделдик карьерасын Бишкекте студент болуп жүргөндө баштаган.
Sputnik

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Кыргызстандык модель Салидат Хамилова Нью-Йорктогу мода жумалыгына катышты. Анын сүрөтү Vogue журналынын россиялык версиясынын расмий сайтына жарыяланган.

Ири иш-чара Америкадагы мегаполисте 6-11-сентябрь күндөрү өттү.

Кыргызстандык модель Ким Шуи жана Эшли Рэйнор аттуу дизайнерлердин коллекциясын кийип чыккан.

Кыргызстанда төрөлүп, өскөн Салидат учурда АКШда жашайт. Моделдик карьерасын Бишкекте студент болуп жүргөндө баштаган.