Мындай чанда болот! Жайлоого түшкөн ак илбирстин сүрөттөрү

Бул жырткычтардын жерге түшкөнү өтө сейрек көрүнүш, алар көбүнчө бийик тоолорду байырлашат.
Sputnik

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Кызыл китепке кирген ак илбирс тоо этектерине түшкөнүн фотокапкандар тартып алган. Бул тууралуу Германиянын Кыргызстандагы жаратылышты коргоо союзунун (NABU) маалымат катчысы Зарина Эсенбаева билдирди. 

Мындай чанда болот! Жайлоого түшкөн ак илбирстин сүрөттөрү

Анын айтымында, эки жумалык экспедициянын алкагында фотокапкандар Кыргыз Ала-Тоонун түштүк тарабына орнотулган. 

Мындай чанда болот! Жайлоого түшкөн ак илбирстин сүрөттөрү

"Кадрга тоодо жүргөн жана тоо этегине түшкөн ак илбирстер түшүп калган. Ошондой эле аркар-кулжаларды дагы көрүүгө болот", — деди Эсенбаева.

Мындай чанда болот! Жайлоого түшкөн ак илбирстин сүрөттөрү

Ысык-Көлдө аюу менен ак илбирстер коруктун тышына чыкканы да фотокапканга түшүп калган.