Кыргызстандык Кямран Аббасов One FC уюмунун чемпиондук наамына ат салышат

Мушкердин беттеши Жакарта шаарындагы One FC: Dawn Of Valor турниринин алкагында болот. Ал швециялык мушкер Себастьян Кадестан менен жолугат.
Sputnik

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Кямран Аббасов дүйнөдөгү беделдүү делген One Fighting Championship уюмунун чемпиондук наамы үчүн ат салышарын MMA Fighting спорттук порталы жазды.

Аббасов 25-октябрда Жакарта (Индонезия) шаарындагы One FC: Dawn Of Valor турниринин алкагында уюмдун 77 килограмм салмактагы чемпиону, швециялык мушкер Себастьян Кадестан менен жолугат.

UFC мушкери Физиев Бишкекке келип, жиу-житсунун сыя көк курун алды
Кыргызстандык мушкер ушул жылдын май айында аталган уюмдун турниринде мурдагы UFC мушкери Юшин Окамини нокаутка кетирген. Андан мурдагы турнирде малайзиялык Агилан Танини муунтуу ыкмасы менен утуп алган. Уюмдагы биринчи турниринде жеңилүү ызасын тарткан.

ММА боюнча жалпысынан 21 беттешти утуп, төрт ирет утулган.

Ал эми швециялык мушкер чемпиондук наамга былтыр ноябрда татыган.

One FC — аралаш мушташ боюнча дүйнөдөгү беделдүү уюм. Ал UFC уюмунун атаандашы катары эсептелет. Көп учурда аталган лиганын мушкерлерин өзүнө "тартып алып" жүрөт.