Кой-Таш окуясы: комиссия Курсан Асанов менен Равшан Жээнбековду укту. Сүрөт

Жыйынга чакырылгандар 7-8-августта болгон Кой-Таш айылындагы окуялардын өнүгүшү, өздөрүнүн түздөн-түз катышуусу тууралуу айтып беришип, Мамкомиссиянын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп беришти.
Sputnik

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 7-8-августунда болгон Кой-Таш окуясын иликтөө үчүн түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен коомдук ишмер Равшан Жээнбековдун маалыматын угушту. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Билдирмеге караганда, жыйынга Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова дагы чакырылган, бирок жеке себептерден улам катыша албай калган.

"Жыйынга чакырылгандар 7-8-августта болгон Кой-Таш айылындагы окуялардын өнүгүшү, өздөрүнүн түздөн-түз катышуусу тууралуу айтып беришип, Мамкомиссиянын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп беришти", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин премьер-министрдин буйругу менен Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Анын курамына эки жаңы катышуучу, коомдук ишмерлер Клара Сооронкулова менен Жаркынбек Касымбеков кирген.

Кой-Таштагы окуя

Атамбаевди түрмөгө киргизген жол. Кой-Таштан абакка чейинки видео
7-августта УКМК Кой-Ташта мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүп, ал максатына жетпей калган. Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Бир жоокер каза таап, 140ка чукул адам ар кандай жаракат алган. Эртеси операцияны ИИМ жүргүзүп, ички иштер министринин ошол кездеги орун басары Курсан Асановдун жүргүзгөн сүйлөшүүсүнөн кийин Атамбаев багынып берген.

Мурунку президент ушу тапта УКМКнын тергөө абагында.