Адам улгайган куракта эмнеден улам толуп кетет? Окумуштуулардын пикири

Адистер 13 жыл ичинде 54 адамдын организминдеги майдын жана май сыяктуу заттардын алмашуусуна байкоо жүргүзгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Жаш өткөн сайын липид майынын (май заттар — ред.) алмашуусунун жайлашы салмак кошууга алып келет. Бул тууралуу РИА Новости Швециянын жана Франциянын окумуштуулар тобуна шилтеме берип жазды.

Окумуштуулар толук адамдар эмнеге аз кыймылдай турганын аныкташты
Адистер 13 жыл ичинде 54 адамдын организминдеги майдын жана май сыяктуу заттардын алмашуусуна байкоо жүргүзгөн. Ал убакытта ыктыярчыларда липиддин алмашуусу төмөн болуп, салмактары орточо 20 пайызга кошулган.

Окумуштуулар белгилегендей, май алмашуу жайласа адам толот. Буга ичкен тамак менен дене көнүгүүлөрү таасир этпейт.

Мындан тышкары, молекулярдык биологдор арыктоо үчүн операция жасаткан кырктан ашуун аялдын ден соолугуна абай салган. Натыйжада алардын май алмашуусу хирургиялык салмак таштоодон кийин жогору болуп, бир салмакта 6-7 жыл жүрүшкөн.