Өкмөттүк комиссия Араванга барып, Төө-Моюндун эли менен жолугат

Керкидан суу сактагычынын жалпы аянты 1041 гектарды түзөт.
Sputnik

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүн жумушчу тобунун делегациясы Ош облусунун Араван районуна жөнөп кеткенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Аравандагы Өзбекстандын аскер техникасы. Аким кырдаал тууралуу
Эске салсак, 10-сентябрь күнү Керкидан суу сактагычынын аймагындагы кыргыз-өзбек чек арасына Өзбекстандын жоокерлери тосмо орното баштаган. Муну мыйзамсыз деп эсептеген кыргызстандыктар митингге чыгышкан. Жеринде Өзбекстандын аскерий техникасынын турушу кырдаалды курчуткан.

Окуя болгон жерге барган райондун акими Курбанбек Айтибаевдин айтымында, аталган аймак эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин такталган. Бирок атайын белгилер орнотула элек болчу. Бул боюнча жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүргөн.

"Делегациянын курамында Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Каныбек Ботобаев, чек ара маселелери боюнча Өкмөттүн атайын өкүлүнүн милдетин аткаруучу Чыңгыз Мамат уулу, Мамлекеттик картографиялык жана геодезиялык кызматтын директорунун орун басары Абдималик Мурзаев бар", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Керкидан суу сактагычынын жалпы аянты 1041 гектарды түзөт. Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1962-жылдын 29-майындагы, 1964-жылдын 14-сентябрындагы, 1970-жылдын 14-сентябрындагы токтомдору менен Керкидан суу сактагычынын объектилерине Ош облусундагы Араван районундагы чарбалардын 1041 гектар жери берилген. Өзбекстан өз кезегинде Керкидан суу сактагычы каптап калган жердин ордуна кыргыз тарапка 1041 гектар жерди берүүгө тийиш болгон.

1972-жылы Өзбекстан тарап Ош облусунун Араван районуна Фергана облусунун Кува районунан 628 гектар жер берген.

Кыргызстандын коңшулар менен эмне талашы бар. Чек ара боюнча атайын өкүл менен маек
2017-жылы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча татаал, узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Өзбекстан кыргыз тарапка калган 413 гектар жерди кошумча компенсация катары Араван районундагы Полигон тилкесинен 304,3 гектар, Баткен районундагы Кайрак тилкесинен 74 гектар, Аксы районундагы Дерес тилкесинен 35 гектар жер берген.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы 2017-жылдын 5-сентябрындагы "Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө" келишимге "Керкидан суу сактагычы" жана "Полигон" тилкелери жазылган жана кошулган.

Белгилей кетүүчү жагдай, Араван районунун аймагындагы "Полигон" тилкесинин сызыгы 2001 жана 2002-жылдагы биргелешкен кыргыз-өзбек протоколдорунда чийилген. 2017-жылы бул тилкенин сызыгын кайрадан чийүүгө Керкидан суу сактагычы каптап калган жердин ордуна өзбек тараптын жер берүүсү себеп болгон. Мындан тышкары, бул чечим мамлекеттик чек араны республикалык маанидеги Ош — Араван жолунан белгилүү бир аралыкка жылдырууга шарт түздү.