БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери тарыхта биринчи жолу чыр чыккан чек ара аймагында жолукканын, анда өкмөткө бир нече тапшырмалар болгонун парламенттин жалпы жыйынында айтты.
"Тарыхта биринчи жолу эки президент чыр чыккан жерде жолукту. Ворух менен Ак-Сайда. Ошол жерде жакшы сүйлөшүү болуп өкмөткө тапшырма берилди эле. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин өкмөттө делимитация, деморкация боюнча атайын түзүлгөн комиссия бир да жыйын өткөргөн жок. Бир киши ошол жерге басып барган жок. Эгерде маселе чечилбей жатса ал жерде талаш-тартыш бар. Аны жеринен барып иликтеш керек", — деди Тиллаев.
Депутат эки президенттин кийлигишүүсү болуп жаткандан пайдаланып, көйгөйлүү маселени чечип алуу керектигин баса белгиледи.
Эскерте кетсек, 26-июлда Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери — Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон чек арадагы Ворух айылында жолуккан болчу.