Өкмөттүк жолдо каза болгон төрт жигит. Автоунаа кортеждин катарында бараткан

Кийинчерээк унаа кортежден калып калган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Өкмөттүк трассада баратып №8 автобус менен сүзүшкөн Skoda Octavia үлгүсүндөгү машина үлпөт тойдун кортежинин катарында бараткан. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы билдирди.

Унааны сурабай айдап чыккан бир туугандар каза тапты. Кара-Балтадагы кырсык
Эскерте кетсек, 9-сентябрь күнү 15:00дөр чамасында Чыңгыз Айтматов проспектисинде Skoda Octavia менен №8 автобус кагышып, жеңил унаадагы төрт бала кырсык болгон жерден каза тапкан. Ал эми машинанын ичиндеги бир кыз оор абалда ооруканага жеткирилген.

Автобустагы жүргүнчүлөрдүн да жабыркаганы айтылган. Мертинген жигиттердин баары 17 жашта болуп чыкты.

"Жеңил автоунаа үйлөнүү тойдун кортежинин катарында бараткан. Бирок кийинчерээк андан калып калган. Чыңгыз Айтматов проспектиси менен баратып, каршы тилкеге чыгып, автобус менен кагышкан", — деп айтылат маалыматта.

Милиция ушу тапта каргашанын чоо-жайын иликтөөнү улантып жатат.