Депутат: Көлдөгү пансионаттар туристтердин коопсуздугуна кайдыгер

Эл өкүлү куткаруучулар менен атайын техникасы жок пансионаттар да бар экенин эске салды.
Sputnik

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков Ысык-Көлдөгү пансионаттардын ар бири туристтерди жана эс алуучуларды өзүлөрү каалагандай кабыл алып, алардын коопсуздугуна такыр көңүл бурбай жатканын билдирди.

Депутат: Көлдөгү пансионаттар туристтердин коопсуздугуна кайдыгер

Бүгүн, 12-сентябрда, депутаттар ар кандай маселелерди карады.

Дамир уулу: туристтик ишмердүүлүктүн бирдиктүү мамлекеттик реестри бекиди
Депутат туристтик сезон ачыларда даярдык тууралуу өкмөттүн отуруму болсун деп талап кылганын, бирок ал сунуш айтылган сөз боюнча калганына токтолду. Эми өкмөт туристтик сезондун жыйынтыгы боюнча кандайдыр бир чараларды көрүшү керектигин белгиледи. Себеби жай мезгилинде чөгүп кеткендер, жол кырсыгынан каза болгондор көп болгонун айтты.

"ӨКМдин маалыматы боюнча 70 жол кырсыгы катталып, 24 киши каза болуп, 129 адам түрдүү жаракат алды. Балдардын катышуусу менен 22 жол кырсыгы катталып, үч бала каза болду. Ал эми 13 киши сууга чөгүп кетсе, алардын экөө — аял, үчөө — өспүрүм. Мен муну эмнеге айтып жатам, бул өзүнчө фронттон келген катка окшоп жатат. Ар бир пансионат туристтерди билгениндей кабыл алууда. Акчасын таап жатат, бирок коопсуздугу талаптарга жооп бербейт", — деп депутат кейиди.

Эл өкүлү ошондой эле пансионаттарда куткаруучулар менен атайын техника жок экенин да эске салды.

Андан сырткары, өкмөт жайкы туристтик сезондо болгон окуялардан сабак алып, кетирилген каталарды кайталабоого аракет кылуу керектигин кошумчалады.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.