Бишкектеги ири марафондо жабыла турган көчөлөр. Карта

Кайрымдуулук иш-чарасынын алкагында жөө күлүктөр төрт дистанцияда чуркайт.
Sputnik

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. 14-15-сентябрь күндөрү Бишкекте боло турчу "Ак илбирсти сактайбыз" эл аралык марафонунда кайсы көчөлөр жабылып жана кайсыл убакта ачыла турганын уюштуруучулар айтып берди.

14-15-сентябрь

Эки күн бою эртең мененки саат 07:00дөн 18:00гө чейин Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик проспектисине чейинки бөлүгү жабылат.

15-сентябрь

Абдрахманов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Искак Масалиев (Түштүк Магистраль) көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Масалиев көчөсүнүн Байтик баатыр көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектисине чейинки бөлүгү;

Айтматов проспектисинин Иманалиев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү жабылат. Квадраттагы өтмө жолдор ачык болот.

Чуркоонун программасы:

  • 08:00 — 21,1 чакырым үчүн старт берилет;

 

Бишкектеги ири марафондо жабыла турган көчөлөр. Карта
  • 08:05 — 14 чакырым үчүн старт берилет;
Бишкектеги ири марафондо жабыла турган көчөлөр. Карта
  • 10:00 — 5 чакырым үчүн старт берилет;
  • Бишкектеги ири марафондо жабыла турган көчөлөр. Карта
  • 11:20 — 1 чакырым үчүн старт.
  • Бишкектеги ири марафондо жабыла турган көчөлөр. Карта

    15-сентябрда жолдорду ачуунун графиги (жөө күлүктөрдүн чуркашынан көз каранды):

    • 08:20 — Чүй проспектисинин Эркиндик проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
    • 08:28 — Абдрахманов көчөсүнүн Горькийге чейинки бөлүгү;
    • 08:43 — Байтик баатыр көчөсүнүн Ахунбаевге чейинки бөлүгү;
    • 08:55 — Байтик баатыр көчөсүнүн Масалиевге чейинки бөлүгү;
    • 09:11 — Масалиев (түндүк тарабы) көчөсүнүн Байтик баатырдан Айтматовго чейинки бөлүгү;
    • 09:25 — Байтик Баатыр көчөсүнүн Иманалиевге чейинки бөлүгү;
    • 09:28 — Иманалиев көчөсүнүн Айтматовго чейинки бөлүгү;
    • 09:52 — Айтматовдон Масалиевге (түштүк тарабы) чейинки бөлүгү;
    • 10:08 — Масалиевдеги (түштүк тарабы) аймактын Айтматов проспектисинен "Ала-Тоо" ресторанына чейин;
    • 10:22 — Айтматов проспектисинин Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
    • 10:35 — Айтматовдон Горькийге чейинки бөлүгү;
    • 10:46 — Айтматовдон Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү;
    • 10:51 — Айтматовдон Чүй проспектисине чейинки бөлүгү;
    • 10:55 — Чүй проспектисинен Тоголок молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү;
    • 11:00 — Чүй проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
    • 12:00 — Панфилов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү, Киев көчөсүнүн Панфиловдон Эркиндик проспектисине чейинки бөлүгү, Эркиндик проспектисинин Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү.

    Бишкекте өтчү марафонго атактуулар да катышат
    Катышуучулар медалдар менен сыйланат. Каттоо 14-сентябрга чейин жүргүзүлөт. Ал үчүн бул шилтемеге nomadsport.net кирүү керек же "Номад спорт" фондуна кайрылууга болот. Дареги Токтогул көчөсү 171/1 (төртүнчү кабат). Пенсиядагыларга 40 пайыз арзандатуу бар. Төлөмдөрдүн бир бөлүгү Ак илбирс менен ал байырлаган аймакты сактоо боюнча глобалдык программага (GSLEP) жөнөтүлөт.

    Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу иш-чаранан медиа өнөктөшү.