Айыл чарба тармагында иштегендер 4,8 млрд. сомдук жеңилдетилген насыя алды

Ушул жылдын январынан тарта элеттегилерге жеңилдетилген насыя бериле баштаган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. "Айыл чарбасын каржылоо – 7" долбоору боюнча 6-сентябрга карата 4 миллиард 854,5 миллион сомго 9823 жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

КР ишкерлери капиталын чет жакка алып кетип жатат. Депутаттар коңгуроо кагууда
Атап айтканда, өсүмдүк өстүрүү максатында 2793 адам 1 миллиард 96,4 миллион сомдук насыя алган. Мал чарбачылыгы жаатына 2 миллиард 606,3 миллион сомдук 6737, кайра иштетүү жана кызмат көрсөтүү тармагына 1 миллиард 151,7 миллион сомдук 293 жеңилдетилген насыя берилген.

"Айыл чарбасын каржылоо – 7" долбоорунун алкагында өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана кызмат көрсөтүү жаатында иштеген ишкерлерге жана жеке тараптарга жеңилдетилген насыя берилет. Каражатты коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелерден 6, 8 жана 10 пайыздык өлчөм менен алышат.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.