Ала-Букада атасынын унаасын айдап чыккан 16 жаштагы бала кырсыктады

Унаанын ичинде дагы эки бала болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Ала-Бука районунун Сафед-Булан айылынан Падекке бара жаткан унаа оодарылып кетип, 16 жаштагы айдоочу жана анын жанындагы эки бала кырсыкка учурады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ЖКККББ билдирди. 

Ала-Букада атасынын унаасын айдап чыккан 16 жаштагы бала кырсыктады

Маалыматка ылайык, окуя 11-сентябрь күнү саат 23.00дөр чамасында болгон. Hafei Brio (Lobo) үлгүсүндөгү унаа айдоочунун атасына таандык экени айтылды.

"Айдоочу рулга ээ боло албай калган, натыйжада машина оодарылып кеткен", — деп жазылат билдирүүдө.

Жабырлануучулар Ала-Бука районунун ооруканасына жаткырылган.