Радио

Искаков: Түндүк — Түштүк жолун акы төлөнүүчү трасса кылуу пландары бар

Транспорт жана жолдор министрлигинин Долбоорлорду ишке ашыруу тобунун инженер-жолчусу Замир Искаков Түндүк — Түштүк альтернативалуу трассасынан акы алуу жол курулуп баштаганда эле пландаштырылган.
Sputnik
Искаков: Түндүк — Түштүк жолун акы төлөнүүчү трасса кылуу пландары бар

Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолу ишке берилгенден кийин андан өткөндөргө акы алуу пландары бар. Бул тууралуу Замир Искаков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган жолдон акы алууга Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдору тууралуу мыйзамы жол берет.

"Түндүк — Түштүк жолун акы төлөнүүчү трасса кылуу пландары жол куруу иштери баштаганда эле алдыга коюлган. Ал Бишкек — Ош жолуна альтернатива болгондуктан, мыйзам боюнча акы төлөнүүчү жол кылууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Бул демилгени буга чейинки Транспорт жана жолдор министри да колдоп келген. Учурда маселе каралып жатат. Курулуш иштери толук аяктаганга чейин бир нерсени так айтуу кыйын. Бирок ушундай максаттар бар", — деди Искаков.

Ошондой эле ал Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолу өлкө ичиндеги соода-экономикалык абалды жакшыртып, товар жүгүртүүнүн өсүшүн камсыз кыларын кошумчалады.