Өкмөт эмне үчүн окуу китептери чет жакта басылып калганын түшүндүрдү

Быйыл бир катар окуу китептериндеги каталар социалдык тармакта чоң талкуу болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаев быйыл чет жактан басылып чыккан китептерде ката көп экенин айтып, эмне үчүн Кыргызстандагы басмаканаларда китептер басылбай жатканына кызыкты.

Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова улуттук типографияларды өнүктүрүү боюнча жаңы жобо иштелип чыкканын айтып, окуу китептери эмне үчүн Индияда, Вьетнамда басылып чыкканын түшүндүрүп берди.

"Буга чейин айрым китептер чет мамлекетте басылып калды. Дүйнөлүк банк грант түрүндө акча берип, өздөрү конкурс жарыялаган. Вьетнамдагы, Индиядагы типографиялар эң төмөн бааны сунуштаган. Бул аракеттердин баары Дүйнөлүк банктын шарттарына ылайык болду", — деди Өмүрбекова.

Ибраимова: билим берүү мекемелери үчүн 48 аталыштагы китеп басылып чыкты
Вице-премьер учурда Кыргызстанда төрткө жакын басмакана бар экенин кошумчалап, аларды өнүктүрүш үчүн тапшырыктар берилерин, ал болгондо гана улуттук типографиялар жакшы деңгээлде иштей баштарын айтты.

Эске салсак, быйыл бир катар окуу китептеринде каталар социалдык тармакта чоң талкуу болгон. Өз кезегинде министрлик да китептердеги ката боюнча түшүндүрмө берген болчу.