Сания Шакированын өлүмү: Жогорку сот өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды

Сот айыпталуучуну он жыл жатак абагына калтырып, үч жыл унаа айдоого тыюу салды.
Sputnik

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. "Дүйнө сулуусу" наамынын ээси Сания Шакирова каза болгон кырсыкка себепкер машинанын айдоочусу Чыңгыз Кондурбаев 10 жылга жатак абагына кесилди. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, буга чейин кабыл алынган Ысык-Көл облустук сотунун өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган. Андан сырткары, ал үч жыл унаа айдоо укугунан ажырап, маркумдун жакындарына эки миллион сом төлөмөр болду.

Келинчегин 41 жолу бычак менен сайып өлтүргөн. Август айындагы соттук чечимдер
Эске салсак, 2018-жылдын 3-июнунда түндө Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында айдоочу рулду башкара албай калып, автоунаа мүрзөнү барып сүзгөн. Натыйжада жүргүнчүсү Сания Шакирова каза болуп, анын артында үч баласы калган.

Айдоочунун кырсык болгон учурда мас экени аныкталган.

Ал эми Ички иштер министрлиги унаанын айдоочусу ИИМдин Атайылаштырылган коргоо кызматынын башкы башкармалыгынын Октябрь району боюнча мурдагы жетекчиси Азрет Кондурбаевдин уулу экенин да билдирген.