Төө-Ашуу менен Суусамырга кар жаады. Милиция айдоочуларга эскертүү берди

Муз тоңгон жолдорго 75 тонна эритүүчү каражат себилген.
Sputnik

БИШКЕК, 10-cен. — Sputnik. Аба ырайынын өзгөргөнүнө байланыштуу Бишкек — Ош унаа жолундагы Төө-Ашууга жана Суусамыр өрөөнүнө кар жаап, жолду тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) билдиришти.

Жолду тазалоого төрт техника тартылып, муз тоңуп калган жерлерине 75 тонна эритүүчү каражат себилген.

Чүй облустук ЖКККБ айдоочуларды этият болууга жана дөңгөлөктөрүн алмаштырууга, жанына чынжыр ала жүрүүгө чакырат.