Ван кыргыздарынын боз үйүнөн даам сызган Эрдоган калпак кийип чыкты. Видео, сүрөт

Эрдоганды бир катар партия лидерлери жана башка аткаминерлер коштоп жүргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Малазгирт жеңишинин 948-жылдыгын белгилөө иш-чарасында Ван кыргыздарынын боз үйүнөн даам сызды.

Түрк президентинин маалымат кызматынын кабарлашынча, Эрдоган 26-августта Ахлат шаарында уюштурулган маданий иш-чарага катышкан.

Ван кыргыздарынын боз үйүнөн даам сызган Эрдоган калпак кийип чыкты. Видео, сүрөт

Социалдык тармактарга тараган видеодо Түркиянын президенти вандык кыргыздар менен учурашып, боорсоктон ооз тийип, андан кийин боз үйгө кирип отурганын көрүүгө болот.

Ал эми президенттин маалымат кызматы тараткан сүрөттөрдө Режеп Тайип Эрдоганга Ван кыргыздары чепкен жаап, калпак кийгизгени түшүп калган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.