Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы 61 айылдын турмушун жакшыртат

Премьер кыргыз тарап биргелешкен долбоорлор менен иштешүүгө даяр экенин жана мындан ары фонд менен кызматташууну кеңейтүүгө ишенимин билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Сауд өнүктүрүү фондусунун аткаруучу директорунун кеңешчиси Юсуф бин Ибрагим Аль-Бассам менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы 61 айылдын турмушун жакшыртат

Абылгазиев фонд өкүлүнө өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө, айыл чарба, саламаттык сактоо, суу менен камсыз кылуу, ирригация, мектеп менен жолдорду куруу тармагындагы бир катар долбоорлорду колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.

"Баткен жана Талас облустарындагы 61 айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны жакшыртуу боюнча долбоорго кол коюлгандыгына кубанычтабыз", — деди өкмөт башчы.

Баткен менен Таласка таза суу жеткирүү үчүн 20 млн. доллар насыя алынат
Премьер, андан сырткары, кыргыз тарап биргелешкен долбоорлор менен иштешүүгө даяр экенин жана мындан ары фонд менен кызматташууну кеңейтүүгө ишенимин билдирди.

Сауд өнүктүрүү фондусунун аткаруучу директорунун кеңешчиси Юсуф бин Ибрагим Аль-Бассам өз кезегинде кыргыз тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал аталган фонд ар кыл багыттагы долбоорлорду ишке ашырууда Кыргызстан менен натыйжалуу жана жемиштүү кызматташууну колдой турганын белгиледи.