Оштон Москвага барчу учак 20 саат кечигип учуп кетти

Самолёт 9-сентябрь күнү эртең мененки саат 9да учушу керек эле.
Sputnik

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Кечээтен бери "Ош" аэропортунда Москвага кете албай жаткан учак бүгүн таңкы саат 5.20да учуп кетти. Бул тууралуу "Манас" аба майданынын маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, 9-сентябрда саат 9да Ош — Москва багыты менен уча турган каттам аткарылбай калган. Учак "Уральские авиалинии" компаниясына таандык. "Манас" аэропортунун маалымат кызматы самолёт өзү кечигип, Ошко саат 12.30да конгонун айткан. Жүргүнчүлөрдүн айтымында, аларды 14.00дөр чамасында учакка отургузуп, кайра түшүрүшкөн. Ошентип каттамды түнкү саат 3.00гө жылдырышкан.

"Учак саат 5.20да абага көтөрүлдү. Жүргүнчүлөрдүн ону учуудан баш тартып, 156 адам кетти", — деп айтылат билдирүүдө.

Бирок каттам эмне себептен улам кармалганы айтылган жок.