Бишкектеги "Ататүрк" паркындагы үйлөр түрттүрүлө баштады. Сүрөт

Бир жума мурун парктын ичине мыйзамсыз коюлган онго жакын павильон алынган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. "Ататүрк" паркындагы мыйзамсыз курулган объектилер, үйлөр түрттүрүлө баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү уруксат берүүчү документтери жок салынган үйлөрдү, павильондорду, темир тосмолорду, чарба курулуштарын түрттүрүү Түштүк магистраль паркын улантып куруу боюнча экинчи этаптагы чогулуштан кийин башталган.

Бир жума мурун парктын ичине мыйзамсыз коюлган онго жакын павильон алынган болчу.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.