Суусамырда 5 миң гектар арпа кар алдында калды

Депутаттын айтымында, 8-9-сентябрда жааган жамгыр карга айланган.
Sputnik

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Суусамыр өрөөнүндө 8-9-сентябрда жааган жамгыр карга айланып, калыңдыгы 15 сантиметрге жетип, кар алдында 5 миң гектар арпа калганын айтты.

Депутат жергиликтүү эл тийиштүү жактарга кайрылганы менен эч кандай реакция болбогонуна кейиди.

"Акимиатка, губернаторго, ӨКМге кайрылыптыр, эч кандай кыймыл жок... Барып жеринен кабар алалы деген киши жок, баары отурушат. Беш миң гектар арпа деген эмне деген нерсе. Алар насыя алып арпа айдашкан, карызга алышкан, малдарын сатышкан да. Мунун баары кар астында калды. Суусамырга барып туруп ушуга чара көрүш керек го", — деди депутат.

Ал ортодо Суусамырга жааган кардын сүрөт, видеосу социалдык тармактарга тарай баштады.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.