Дарычылыкка болот. Арак кайсы ооруга чоң жардам берери айтылды

Адистер арактын компресси шишикти кетирип, ооруган жерди жылуу кармай турганын белгилешкен.
Sputnik

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Остеохондроздон арылууга арак жардам берерин РИА Новости адистерге таянып жазды.

Тагыраагы, илдет күчөп кеткенде арактан компресс тартуу керек. Ал шишикти кетирип, ооруган жерди жылуу кармайт.

"Процедура үчүн аракты бал менен аралаштыруу керек. Андан соң аралашманы ооруган жерге сүйкөп, аны целлофан пакет, жылуу шарф же жоолук менен ороп коюу зарыл. Натыйжада оору басаңдай түшөт", — деп айтылат маалыматта.

Компрессти эки саатка чейин кармоо керектиги белгиленет.

Ичимдикке көбүрөк берилген улут аныкталды
Остеохондрозго дүйнөдөгү ар бир үчүнчү адам кабылары кошумчаланат. Мындай илдети барлардын бели жана мойну, кээде ийини, колу, башы ооруксунтат.

Остеохондроздо омурткалардын ортосундагы дисктер кетип баштайт. Туура эмес тамактануу жана туура келбеген көнүгүүлөр дартты күчөтөт. Ооруга кабылгандарга спирт ичимдиктерин ичип, тамеки чеккенге болбойт. Себеби тамырларга кан жакшы өтпөй калат.

Адистер кандай болгон күндө да ооруга чалдыккан адам өз алдынча дарылана бербей дарыгерге көрүнүү зарыл экенин кошумчалашты.