Оштон Москвага уччу учак 7 сааттан бери кармалып турат. Себеби

Жүргүнчүлөр күтүү залында 9 сааттан бери ачка турганын айтууда.
Sputnik

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Бүгүн, 9-сентябрда, Ош — Москва багыты боюнча эртең менен саат 9.00дө абага көтөрүлчү учак учпай кармалып турат. Бул тууралуу "Ош" эл аралык аэропортунан жүргүнчүлөр Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүргүнчүлөр эртең мененки саат 7.00дөн баштап күтүү залында отурушат.

"Күтүү залында отургучтар жетишсиз. Таңкы саат 7:00дөн бери тик туруп учакты күтүүгө аргасыз болдук. Каттам эмнеге кечигип жатканын түшүндүрүшкөн жок. Сегиз сааттан бери компания жүргүнчүлөргө шарт түзүп, тамак-аш түгүл суу менен камсыз кылган жок", — деди Насыр уулу Умар аттуу жүргүнчү.

Бишкектен Антальяга барчу учак 11 саат кечигип учту
"Манас" эл аралык аэропортунун маалымат катчысы Алия Курбанова кечигип жаткан каттам "Уральские авиалинии" компаниясына таандык экенин тастыктады.

"Учак техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам Ош шаарына кечигип, тагыраагы, саат 12.30да келип конду. Азыр бардык маселе чечилди. Учурда жүргүнчүлөрдү каттоо жүргүзүлүп жатат. Бир сааттын ичинде учак өз багыты боюнча учат", — деди Курбанова.

Ал эми жүргүнчүлөрдүн тамак-аш боюнча нааразычылыгына Курбанова "компания тарабынан жүргүнчүлөргө ысык чай берилди" деген жооп кайтарды.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.