Өкмөт окуучусу ийгиликке жеткен мугалимге айлыгынан 10 эсе көп сый акы берет

Премьер буга чейин мугалимдердин айлыгы октябрдан тарта 30 пайызга көбөйөрүн билдирген болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Өкмөт мугалимдердин айлыгын 30 пайызга көтөрүү үчүн резерв таба алды. Бул тууралуу премьердин маалымат катчысы Адилет Султаналиев билдирди.

"Мугалимдердин үмүтү иш жүзүндө акталбай калган 2011-жылдагы тажрыйбаны эске алуу менен маянаны көтөрүү механизмдери иштелип чыгууда. Муну менен катар премьер-министр окуучусу ийгиликке жеткен мугалимдерди сыйлоого каражат табууну тапшырган. Мухаммедкалый Абылгазиевдин ою боюнча, бериле турган каражаттын көлөмү алчу айлыгынан 10 эсе көп болушу керек. Учурда деталдуу түрдө эсептелип жатат, андан кийин акыркы чечим кабыл алынат", — деп айтылат маалымат катчынын билдирүүсүндө.

Султаналиев бул демилге олуттуу өбөлгө болорун белгилеген.

Кайсы мугалимдин айлыгына канча сом кошулат? Тизме
"Премьер-министрдин жада калса алыскы райондордогу мектептерди интернет менен камсыздоо тапшырмасы дээрлик аткарылды. Жыйынтыгында бул чаралардын баары мектептерде мугалимдерге карата талаптарды күчөтүүгө жана ошону менен бирге мугалимдик кесипти кайрадан ардактуу кылууга жол ачат", — деди маалымат катчы.

Өкмөт башчы август кеңешмесинде мугалимдердин айлыгы октябрдан тарта 30 пайызга көбөйөрүн билдирген болчу.

Кыргызстанда кайсы тармакта иштегендердин айлыгы тездик менен өсүп жатканын билгиңиз келеби?

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.