Талкаланып калыптыр! Бишкекте эки унаа менен автобус кагышкан кырсык болду

ӨКМ менен ЖКККБ маалыматты тактап жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Бишкекте эки унаа менен автобус кагышып кетти.

Талкаланып калыптыр! Бишкекте эки унаа менен автобус кагышкан кырсык болду

Жерине Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери жөнөп кетти. ӨКМ менен ЖКККБ маалыматты тактап жатат.

Талкаланып калыптыр! Бишкекте эки унаа менен автобус кагышкан кырсык болду

Окуянын сүрөтүн окурман Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp-каналына жөнөттү.

Сүрөттө көрүнүп тургандай, унаалар автобустай эле талкаланып калган. Күбөлөрдүн айтымында, каза болгондор болушу мүмкүн. Бирок бул маалымат тактала элек.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.